Курулуштагы геодезиялык иштер Топографиялык ченөөлөр Геоинформатика
Башкы бет
Жаңылык

QGIS боюнча тренинг

Биздин компания профессионалдык геодезиялык класстагы учкучсуз учуучу аппараттарды пайдаланып геодезиялык аэрофото тартууга жана алынган маалыматты колдонуп жер бетинин санариптик моделин даярдоону уйротот.

2019 жылы 31 майдан 1 июнга чейин GISCA 2019 «Мейкиндиктик маалыматтан мейкиндиктик аң-сезимге» конференциясы Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде Кыргызстандын, Австриянын, Кытайдын университеттери жана илимий-изилдѳѳ институттары жана ѳндүрүштүк ѳнѳктѳштѳрдүн колдоосу менен уюштурулуп ѳткѳрүлдү.

Биздин компания жөнүндө

«КыргызГеоТех» ЖЧК компаниясында жогорку квалификациялуу, профессионалдык сертификаттары бар жана геодезия, геоинформатика, курулуш тармактарында алган жогорку тажрыйбалары бар адистер эмгектенишет. Компания керектүү материалдык-техникалык базага жана лицензияларга ээ, заманбап электрондук геодезиялык аспаптарды, GPS кабылдагычтарды, компьютерлерди, атайын программаларды жана аэрокосмостук технологияларды пайдаланат.

Биз кардарларыбыз жана шериктештерибиз, ошондой эле мамлекеттик жана жеке ишканалар жана уюмдар менен алардын бардык муктаждыктарын камсыздап, геодезиялык иштердин, топографиялык, кадастрдык карталардын, геоинформациялык системалардын, имарараттардын долбоорлорунун татаалдыктарын жана тендерлердин талаптарын канаатандырып иштейбиз. Биздин адистер жана эксперттер керектүү тажрыйбага ээ жана жумуштардын натыйжаларын жогорку сапатта жана тез камсыз кылышат.

Биздин геодезиялык кызматтарды бир нече топко бөлсөк болот жана алардын ичинен топографиялык ченеп-өлчөөлөр негизгилердин бири болуп саналат. Топографиялык ченеп-өлчөөлөрдүн же топоченеп-өлчөөлөрдүн натыйжасында топографиялык план даярдалат, ага каралып жаткан жер аянты жөнүндө толук маалымат – жердин рельефи, чек аралар, жашылдандырылган аянттар, имараттар, коммуникациялар, дарыя жана арыктар да түшүрүлөт. Максатына жараша тахеометриялык жана GPS ченеп-өлчөөлөрдүн негизинда эреже катары 1:2000, 1:1000 и 1:500 масштабдарындагы топопландар даярдалат. Аткаруучу ченеп-өлчөөлөр болсо курулуштун жана реконструкциялоонун жүрүшүн текшерүүгө, жана ошондой эле пайдаланылып жаткан имараттардын абалын байкап турууга жардам берет. Алардын маалыматтары долбоордон четтеп кетүүлөрдү, имараттардын жана курулмалардын деформацияларын өз убагында аныктоого мүмкүнчүлүк берет. Курулуш аянтында биздин геодезисттер геодезиялык орноштуруу торчолорун тургузушат, казылуучу топурактын көлөмүн аныкташат, долбоорлорду жерге орноштурушат жана курулуш өндүрүшүн геодезиялык жактан камсыздоо иштеринин татаал комплекстерин сапаттуу аткарышат.

Азыркы учурда геоинформациялык системалар (ГИС) эл чарбасынын бардык тармактарында кеңири пайдаланыла баштады. ГИС мейкиндиктик маалыматтарды бөлүшүп жана толук кандуу пайдаланууга, чогултуп, сактап жана анализ кылууга жардам берет. Биздин адистер геоинформациялык системаларды топоченеп-өлчөө жана аэрокосмостук технологияларды колдонуп иштеп чыгышат.

Сайт создан - IZILAB.PRO : Сайт размещен - Хостинг.КГ